Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Президент Чүй өрөөнүн кыдырды


БИШКЕК. 23-августта президент А. Акаев Чүй облусунун бир топ жерлеринде болду. Оболу өзү төрөлгөн Кемин районунун Кызылбайрак айылындагы Шабдан баатырдын күмбөзүнүн жанында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата тургузулган Атаке баатырдын, Шабдан Жантай уулунун, Белек Солтоноевдин, Аалы Токомбаевдин жана Улу Атамекен урушунда курман болгон жоокерлер эстеликтеринин мемориалдык комплексин ачуу зыяратына катышты. Ушул эле күнү президент Чүй облусунун борбору болгон Токмок шаарындагы салтанаттарга күбө болду. Токмок шаарынын борбордук аянтында аскердик парадды, Чүй өрөөнүнүн тарыхый доорун камтыган театрлаштырылган оюн-зоокту, «Бурана» тарыхый комплексинде ачык асман алдында «Учур» телетеатры даярдаган тарыхый «Баласагын» спектаклин көрдү.

XS
SM
MD
LG