КАБУЛ. Кечээ Ооганстандын Урузган чөлкөмүндө Талибандын калдыктары менен өкмөттүк күчтөрдүн салгылашуусунда төрт талиб жана эки өкмөттүк жоокер курман болду. Урузган провинциясынын расмий өкүлү Абдул Рахимдин айтымында, өкмөттүк күчтөр болжолу менен 300 талиб менен бир нече саат бою салгылашып, аларды тоо таяна качууга мажбурлашкан. Өткөн эки жуманын ичинде талиб топторунун кол салуусунан Ооганстандын ар кайсы чөлкөмдөрүндө ондогон кишилер курман болду. Айрым чабуулдарга жүздөгөн талибдердин катышкандыгы маалымдалат. Ал эми айрым өкмөт өкүлдөрү орун алган салгылашуулар өз ара касташкан атаандаш топтордун ортосунда болгондугун айтып жатышат.
Ооганстандын Урузган чөлкөмүндө болгон салгылашууларда төрт талиб жана ооган өкмөтүнүн эки жоокери курман болду
