БРАЗИЛИЯ. Бразилиянын космостук борборунда болгон жарылуудан бери дегенде 20 кишинин курман болгондугу маалымдалат. Өлкөнүн коргоо министри Жозе Виегас кечээки жарылууда борбордун 16 кызматкери өлгөнүн жана дагы төрт киши дайынсыз жок болуп жатканын билдирет. Жардыруудан ошондой эле 20 киши жарадар болду. Жарылуу эмнеден болгону белгисиз, бирок эксперттердин болжолунда, ракетанын моторлорунун биринен капилет өрт чыккан. Ракета орбитага Бразилиянын эки байкоочу спутнигин алып чыкканга даярдалып жаткан. Латын америкалык өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп орбитага өз ракетасын учурууга аракеттенип келаткан Бразилияда ушуну менен үчүнчү ракета кырсыкка учурады. Мындан мурда Бразилия ракета учуруу аракетин 1997 жана 1999 жылдарда жасаган.