Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Палестиндер касташууну токтотууга үндөөдө.


РАМАЛЛАХ. Бүгүн палестин автономиясынын тышкы иштер министри Набил Шаат Израилди ок атууну токтотууга чакырды. Бул жөнүндө министр палестин кабинетинин жыйынында билдирди. Ал эми кабинеттин дагы бир өкүлү Гассан Хатиб палестин согушкерлери менен сүйлөшүүлөрдү баштоо аракети жасалып жатканын кошумчалады. Ок атууну токтотуу жөнүндөгү келишим ушул жуманын башында болгон кан төгүүдөн кийин бузулган. Иерусалимдеги жардыруудан 20 киши курман болуп, 100 чакты киши жараат алган. Кол салууга жооп кылып, израилдик аскерлер "Хамас" тобунун жетекчисин өлтүрүп салышкан. "Хамас" тобу ал үчүн өч алууга кесенип жатат.

XS
SM
MD
LG