Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Виейра де Меллонун сөөгү бүгүн Бразилиянын учагы менен өлкөнүн баш калаасы Рио Де Жанейрого жеткирилди


РИО ДЕ ЖаНЕЙРО. Улуттар уюмунун Багдадда курман болгон элчиси Сержио Виейра де Меллонун сөөгү бүгүн Бразилиянын учагы менен өлкөнүн баш калаасы Рио Де Жанейрого жеткирилди. Виейра де Мелло шейшемби күнү Багдаддагы жардыруудан курман болгон 23 кишинин бири болчу. Виейра Де Мелло менен коштошуу жөрөлгөсүндө Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан сөз сүйлөшү күтүлөт. Аза күтүү каадасына ошондой эле Бразилиянын президенти катышмакчы. Виейра Де Меллонун сөөгү кийинчерээк Францияга жеткирилип, аялы жана эки баласы менен жашаган шаарда койулмакчы.

XS
SM
MD
LG