Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Иисус Христос чиркөөсү сотко кайрылды


БИШКЕК. 24-август. Иисус Христос чиркөөсү республиканын салык инспекциясынын жана каржы министрлигинин чиркөө тарабынан 130 миң сом мамлекеттик бюджетке төлөнсүн деген чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу чиркөөнүн башкы пастору Василий Кузин «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, салык инспекциясы менен каржы министрлигинин чечимдери өлкөнүн диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамына каршы келет. Кыргызстандагы Иисус Христос чиркөөсү 1992-жылы юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Учурда республиканын жер-жерлеринде анын 30 филиалы бар.

XS
SM
MD
LG