Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Улуу Аятолла ал-Хаким аман калды, үч күзөтчүсү опат болду


Ирактык шиийттердин руханий жолбашчыларынын бири Азирети Аятолла Саед Мохаммед Саид ал-Хакимди өлтүрүү аракети ишке ашпай калды. Ирактын ислам революциясынын Жогорку Кеңеши жарыялаган билдирүүгө караганда, Улуу Аятоллага ал түшкү намаздан кайтып келатканда, анын кеңсесинин дубалына жакын жерге коюлган газ канистри жарылган. Жардыруудан үч адам өлүп, тогуз киши жарадар болгон. Өлгөндөр Аятолланын күзөтчүлөрү. Шиит динаятчысы мойнунан жеңил жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG