Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Багдадагы жардырууда набыт болгондордун жасаттарын таануу кыйын болууда


Улуттар Уюмунун коопсуздук кызматынын офицери Николас Рэдмайердин билдиришинче, Багдаддагы Улуттар Уюмунун кеңсесиндеги жардырууда өлгөн адамдардын жасаттарын аныктоо өтө кыйын болууда. Бүгүнгө чейин Улуттар Уюмунун өкүлү Сержио Виера де Мелло менен БУУнун кеңсесинде иштеген испаниялык жарандын жасаты таанылган. Жардыруудан кеминде 23 киши опат болгон. Шейшемби күнкү бомба чабуулунан бери Багдаддан Улуттар Уюмунун 160 чакты кызматкери шашылыш чыгарылып кетти. Уюмдун координатору Кристине Мекнэб айымдын маалымдашынча, азыр Багдадда Улуттар Уюмунун 140ка жакын кызматкери калган.

XS
SM
MD
LG