Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Медиа кеңеш түзүлөт


БИШКЕК. 25-август. Бүгүн БУУнун Бишкектеги кеңсесинде Медиа кеңеш түзүү демилге тобунун жыйын өттү. Ага республикадагы эркин жана өкмөттүк массалык маалымдоо каражаттарынын, расмий бийликтин пресс-кызматынын өкүлдөрү катышты. Жыйында Медиа кеңештин жобосу талкууланып, алымча-кошумчалар киргизилди. Талкуунун жүрүшүндө Медиа кеңештин курамы тогуз адамдан тураары жана кеңештин жобосу журналисттердин республикалык конфренциясында кабыл алынаары айтылды. Медиа кеңеш республикадагы журналисттердин укугун коргоочу коомдук уюм катары түзүлүп, алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу талаш-тартыштуу маселени сотко жеткирбей чечүүгө көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG