Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Айыл тургундары бийлик башчыларына арыз жөнөтүштү


ОШ. 25-август. Ош облусунун Карасуу районундагы «Төлөйкөн» айыл өкмөтүнүн жашоочулары Кыргыз Республикасынын Президентине, премьер-министрине жана Ош облус губернаторуна кайрылуу жжөнөтүштү. Анда айылдагы суу, жол жана жер маселесине, айылга район акимчилиги көңүл бурбай жаткандыгы, район акими Адам Закиров айылга бир басып келбегенине, нааразылык айтылат. Айылда жашоочулар таза суу ичпей калганына 4-5 жылдын жүзү болгон. Кайрылуу катта айылды Карасуу районунун аймагынан чыгарып Ош шаарына кошуу маселеси козголгон. Бирлешкен айылы Ош шаарынын борборунан 5 чакырым, ал эми Карасуу районунун борборунан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан.

XS
SM
MD
LG