БИШКЕК. 25-август. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагалыгына анын Ысыккөл облусу боюнча мурдагы координатору Болот Тыналиев шайланып, комитеттин башкаруу мүчөлөрү алмашылды. Мындай чечим 25-августта Бишкекте өткөн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин кезексиз чакырылган конференциясында кабыл алынды. Жыйында комитеттин мурдагы жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин ишмердүүлүгү сынга алынды. Комитеттин алдыдагы иш-пландары айтылды. Б.Тыналиев маалымдагандай, Голландиянын «Хивос» эларалык уюму Рамазан Дырылдаев тарабынан бир катар каржылык катачылыктар кетирилгендигиn аныктаган. Конференциянын уюштуруучулары мындан ары Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин ишмердүүлүгү ачык-айкын боло тургандыгын жана атуулдардын укуктарын коргоо багытында активдүү иш жүргүзүшөөрүн билдиришти.