Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Президент А.Акаев Талас облусунда болду


ТАЛАС. 25-август. Президент А. Акаевдин 25-август күнкү иш күнүнүн экинчи бөлүгү Таласта өтүп, алгач ал облус коомчулугунун катышуусунда Майрам Акаеванын «Үмүт шооласы өчпөйт» китебинин кыргызча вариантынын бетачар аземине катышты. Андан соң президент Талас районундагы «Манас Ордо» улуттук комплексине келип, айкөл Манастын эстелигинин тегерегине орнотулган 40 чоронун айкелдеринин лентасын кести. Кечинде комплексте ачык асман астында коюлган «Манас» операсынын театрлаштырылган вариантын көрүп, ыр майрамына катышты.

XS
SM
MD
LG