Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Гаагада Милошевичке байланыштуу сот жараяны бүгүн улантылды


Югославиянын мурунку президенти Слободан Милошевичке байланыштуу Гаагада сот жараяны үч жумалык жайкы тыныгуудан кийин бүгүн кайрадан башталды. Бүгүн сот Босниянын Сребреница шаарында мусулмандарды өлтүрүүгө катышкан эки жоокерди күбө катары сурай баштады. Милошевич 1990-жылдардагы Балкан согушу учурунда аскерий кылмыш жасаган деп айыпталууда. 2000-жылы Сербиянын мурунку президенти Иван Стамбовичти уурдап, андан кийин өлтүрүүгө буйрук берген деген айыптоону Слободан Милошевич кечээ күнү четке какты. Стамбовичтин сөөгү Сербиянын мурунку премьер-министри Зоран Жинчтин өлтүрүүгө байланыштуу ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Белградда табылган.

XS
SM
MD
LG