Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Ош облусунун журналисттери Медиа кеңеш түзүүгө каршы


ОШ. 26-август. Түштүктүн бир катар массалык маалымат каражаттары жана өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери чогулушуп, Медиа кеңеш жобосун талкуулашты. Жыйынтыгында бул уюм демократиянын тагдырына балта чабаарын, ошондой эле эркин басма сөздүн жана журналисттердин куугунтукталышына, ооздукталышына өбөлгө түзөөрүн баса белгилешти. Кыргызстандагы журналисттерге кайрылып Медиа кеңешти түзүүгө каршы чыгууга, кыйчалыш мезгилде биримдикке чакырышты. Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана журналисттердин укугун коргоо фондунун жетекчиси Алишер Токсонбаевдин айтымында: «Бул массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөй турган, болгондо дагы бийлик тарабынан катуу көзөмөлдөй турган органга айланышы мүмкүн. Келечекте бул орган аркылуу журналисттерди, массалык маалымат каражаттарын сотко сүйрөп, соттошуу процессинен ашыкча дагы өзүнчө жаман башталыштар болуп кетиши мүмкүн».

XS
SM
MD
LG