Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

КМШ каржы министрликтеринин жыйыны


БИШКЕК. 26-августта Москвада КМШ өлкөлөрүнүн каржы министрликтеринин өкүлдөрүнүн эки күндүк жыйыны башталды. Жыйында 2004-жылга карата КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык кеңешинин органдарын каржылоого байланыштуу маселелер каралат. КМШ өлкөлөрүнүн бюджетинен экономикалык кеңеш органдарын келерки жылга каржылоо программасы ушул жылдын май айында даярдалган. Кыргызстандан Москвадагы жыйынга Кыргызстандын КМШ экономикалык кеңешиндеги туруктуу өкүлү Ян Фишер катышууда. Бул тууралуу шейшембде каржы министрлигинин тышкы байланыштар боюнча бөлүмүнөн маалымдашты.

XS
SM
MD
LG