Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Р.Дырылдаев кызматтан алынышын кыргыз бийлигинен көрөт


БИШКЕК. 26-август. «Аскар Акаев жетектеген аткаруу бийлиги Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин мурдагы мүчөлөрүн колдоп жыйын өткөрүп, комитет төрагасын алмаштырышы мыйзамсыз. Анкени жыйынды уюштурган Болот Тыналиев, Рыскелди Момбеков, Мамасадык Жакишев жана Качкын Булатов мындан бир нече жыл илгери эле өз арызы менен комитет мүчөлүгүнөн чыгарылган», деп билдирди Венада жүргөн Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Размазан Дырылдаев «Азаттыктын» кабарчысына. Анын айтымында, комитеттин уставына ыйлайык мындай чечим комитеттин башкаруу органындагы өкүлдөрдүн көпчүлүгүнүн катышуусунда өткөн республикалык конференцияда гана кабыл алынат. «Аткаруу бийлиги мындай аракеттерге менин соңку бир нече жылдан бери А. Акаев жетектеген бийлик өкүлдөрүнүн туура эмес жүргүзгөн саясатынын, мамлекеттик коррупциянын бетин ачып жаткандыгым үчүн барууда», деп кошумчалады Дырылдаев. Укук коргоочунун пикирине Б.Тыналиев баштаган комитет мүчөлөрү макул эмес. Алардын айтымында, Р. Дырылдаев чет элдик уюмдар тарабынан алынган акчаларды туура эмес колдонгондугу үчүн комитет мүчөлөрү тарабынан кызматтан алынды.

XS
SM
MD
LG