Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Пил Сөөгү жээгинде француз бейпилдик күчтөрүнүн эки жоокери көтөрүлүшчүлөрдүн кол салуусунда курман болду


АБИДЖАН. Франциянын аскердик өкүлдөрүнүн билдиришинче, Пил Сөөгү Жээгинин көтөрүлүшчүлөрү аскердик кароолдо жүргөн эки француз солдатын өлтүрүп салышты. Бул француз аскерлеринин Франциянын мурдагы колониясында тынчтык орнотуу миссиясын баштагандан берки алгачкы жоготуусу. 9 ай бою ички согуштан жабыркаган өлкөдө француз аскерлери тынчтык орнотуу миссиясын былтыртан бери ишке ашырып келатышат. Француз армиясынын өкүлү солдаттар кечээ Коссо көлүнүн атырабында кол салууга дуушар болгондугун билдиришет. Коссо көлү козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдү бөлүп турган буфердик зона болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG