Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Орусиянын Ыраакы Чыгыш чөлкөмүндө болгон аба кырсыгында беш киши курман болду


МОСКВА. Орусиянын Ыраакы Чыгыш чөлкөмүндө болгон аба кырсыгында беш киши курман болуп, бирөө катуу жарадар болду. Приморье чөлкөмүндөгү аэродромдун бирине конууга келаткан эки тик учак сүзүшө кетип, андан тик учактардын биринин пилоту гана оор жараттар менен аман чыккан. Анын алдында эки аскердик тик учак тең машыгууда болгондугу маалымдалат. Орусиянын коргоо министри бири-бирине өтө жакын учкан пилоттордун бул кылыгын "кечирилгиз бейбаштык" деп сыпаттады. Мындан бир жума эле мурда Сахалин чөлкөмүндө бир тик учак кыйрап калып, анда областтын акими жана аны менен учуп бараткан дагы 19 киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG