КАБУЛ. Ооганстандын Забуль провинциясында антитеррордук операциялар уланууда. Кечээ америкалык жана ооган аскерлеринин Талибан топтору менен болгон кагылышында, бери дегенде, 14 талиб курман болду. Анын аралыгында, ушул жумада Ооганстан, АКШ жана Пакистандын расмий өкүлдөрү ооган качкындарын мекенине кайтаруу маселесин талкуулаганы жатышат. Улуттар Уюмунун качкындар комиссарлыгынын Ооганстандагы өкүлү Маки Шинохаранын айтымында, сүйлөшүүдө Пакистандын аймагындагы качкындар лагерлеринин айрамдарын жабуу, качкындарды Ооганстандын Конституциясын талкуулоо жараянына тартуу жана келерки жылы боло турган шайлоого катыштыруу маселеси талкууланат.