Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:30

Стамбулдагы жаш балбандар мелдеши


Бишкек. 27-август. Кыргызстандын жаш балбандарын чоң мелдешке Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Тургунбаев баштап барды. Кыргызстандын намысын эркин күрөш боюнча Кожомжал Сейтказиев, Алышбай уулу Аман, Мурадил Мырзакулов, Кудурет Бекенов, Самат Табалдиев жана башка балбандар коргомокчу. Эркин күрөш 28-августта башталат. Грек-рим күрөшү боюнча Азия, дүйнө биринчиликтеринде байге алган Жанарбек Кенжеев, Чыңгыз Коңурбаев, Канат Бегалиевден үмүт чоң. Кыздардын таймашууларына Кыргызстандын атынан Замира Рахманова менен Жылдыз Эшимова килем үстүнө чыгышат.

Кабарлар топтомун Бишкектен Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев даярдaшты.

Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев.

XS
SM
MD
LG