Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Иракта бүгүн америкалык эки жоокер набыт болду.


Алардын бири, командачылык ырастаган маалыматтар боюнча, Эл-Фаллужа шаарына жакын жерде жол боюна көмүлгөн бомбадан өлдү. Экинчи жоокер Багдадда аскери колоннага кол салган топтор менен атышуу учурунда окко учту. Коалициялык аскерлер эки күндөн бери Багдаддан түндүгүрөөк райондордо Саддам Хусейндин куралдуу тарапкерлерин таап, жок кылуу максатында кеңири масштабдуу операцияларды улантып жатышат. Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремердин айтымында, куралдуу топтор коалициялык аскерлерге негизинен Багдад менен Тикрит шаарынын ортосунда кол салып жатышат, бирок алар стратегиялык мааниде коркунуч туудура албайт. Иракта набыт болгон америкалык аскерлердин саны 140ка жетти.

XS
SM
MD
LG