Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

МИЛИЦИЯ РЕФОРМАСЫ, МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮК МАЙРАМЫ, АКСЫДАГЫ КУРУЛТАЙ


Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгында дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайы ишин баштады. Салтанат-шаңдын негизги бөлүгү 29-августта Чолпоната шаарында өтөт. Кыргыз басылмаларында улуттук турмуштун мына ушул уңгулуу мерчеми кенен жазылды. Көөнө тарыхтын түпкүрүндө калган мамлекеттигине тарыхтын амири менен ХХ кылымдын соңунда жетишкен республика кийинки жылдары күтүрөтүп маараке-тойду арбын өткөрүүдө. Кыргыз басылмалары Чолпоната менен Бишкекте өтүүчү салтанаттарга кандай камылгалар көрүлүп жатканына кызыгууда.

Бул күндөрү Ысыккөл майрам камылгасын катуу көрүп жатканын бейшембидеги «Вечерний Бишкек» маалым кылды. Көлдү айлана кое берилген күлүктөр марага жакындап калганы, ага улай биримдик кербени эл аралап жыйын өткөрүп, үгүт-насаат иштери ийгиликтүү өтүп атканы гезит кабарчыларынын репортаждарында кыйла көтөрүңкү маанайда чагылдырылган.

«Слово Кыргызстана» гезитинин бейшембидеги саны кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналды. Басылманын маалымдашынча, дүйнө кыргыздарынын курултайына 150 жакын чет элдик улутташтарыбыз келишти. Байыркы кыргыз мамлекетинин жыл эсеби биздин заманга чейинки 3-кылымдын этегинен 1-кылымдын башынан башталат. Кытай тарыхчылары Сыма Цян менен Бань Гунун ырасташынча, кыргыз мамлекети «Гэгунь өкүмдарлыгы» деген ат менен белгилүү болгон. Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгү 1924-жылдын 14-октябрынан башталган, Түркстан автономиялуу республикасынан Кара-кыргыз автоном облусу түзүлүп, ал азыркы Орусиянын курамында турган.

Күч бийлигин реформалоого Батыш өлкөлөрү жардам берет дегенде эле айрымдардын кабагы чытылат, деп жазат Ырысбек Өмүрзаков бейшемби күнкү «Трибуна» гезитинде. Милицияны жакшы көргөн киши аз. Ага карабастан ички иштер министрлигин реформалоо зарыл. Милицияда иштегендер жарыбаган маяна алышары деле көпчүлүккө дайын. Автордун пикиринде, бийлик милицияны ачка коюп, калган ырыскысын элден алсын деп, кызыл шапкечендерди көпчүлүккө жаман көрсөтүүдө.

«Общественный рейтинг» гезити жаңы санында расмий бийлик өкүлдөрүнүн кенен маектерин жарыялады. Президенттин парламенттеги өкүлү Чолпонкул Арабаев кабыл алынчу мыйзамдардын сапатын көтөрүү зарылдыгын кеп кылса, Ош облус губернатору Накен Касиев облуска инвестиция арбын тартылып жатканын айтат. Кыргызстанда жашоо кыйындап, каруу-күчтүү жаштардын көбү чет жерге акча тапканы иштеп кетишкени парламент депутаты Тажиниса Абдырасулованын маегинде козголгон. Баткен облус губернатору Мамат Айбалаев жолдун алыстыгы аймактагы элдин колун байлап жатканына токтолуп, эми аба каттамын жандантуу аракетин жасап жатканын билдирген.

«Аалам» басылмасынын башкы редакторунун орунбасары Элнура Кулуева гезиттин жаңы санындагы бул макаларга токтолду:

- «Аалам» гезитинин жаңы санында көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан Б.Шапиро баш болуп жазган «Жашоонун сергек мүнөзү» деген китеп жөнүндө «Бул китепти мен вирус деп эсептебейм» деген аталышта чакан маек жарыяланууда. Демократиялык кодекс тууралуу журналист Нургазы Анаркуловдун макаласы да гезиттин жаңы санында жарыяланмакчы. Булардан сырткары Адам укугун коргоо кыргыз комитетинин жаңы төрагасы Болот Тыналиев менен анын орунбасары Рыскелди Момбеков менен дебат уюштурганбыз. Ошо материал жарыяланып жатат. -

«Кыргыз руху» гезиттин башкы редактор орунбасары Маматемин Рыскулов буларды маалымдады:

- «Кыргыз руху» гезитинде польшалык кыргыз Мурат Рено жөнүндө Рахат Алымбекованын макаласы жарыяланууда. Гезитте Жогорку Кеңеш депутаттары Жаныш Рүстөмбеков менен Карганбек Самаковдун окурмандардын суроолоруна берген жооптору жарык көрмөкчү. «Жетимдин акысын жесе болобу?» деген аталышта раматылык Юсуп Көлбаевдин кызы Жамийланын «Восток» деген фирмасын кантип тартып алышканы тууралуу материал басылманын жума күнкү санында басылууда.

Басылманын жооптуу катчысы Аскер Сакыбаева «Агым» гезитинде чыкчу маанилүү макалалар жөнүндө мындай дейт:

- «Агым» гезитинин жума күнкү санында Аксыда өткөн элдик курултай жөнүндө Алым Токтомушевдин кенен талдоо жүргүзгөн макаласы жарык көрүүдө, Эларалык валюта корунун Кыргызстанга келген миссия жетекчисинин республиканын экономикалык көрсөткүчтөрүнө ичи чыкпаганын баяндаган материал, парламент спикери жана депутаты Абдыганы Эркебаев менен Азимбек Бекназаровдун интервьюлары жарык көрүүдө. Ош шаар башчысы Жантөрө Сатыбалдиев окурмандардын суроолоруна телефондон жооп берген. Анын баяндамасы да гезиттин жаңы санында жарыяланмакчы. Кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүүнүн зарылдыгы барбы же жокпу, деген суроо алдында гезит авторлорунун пикирлерине орун берилмекчи.
XS
SM
MD
LG