Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Кыргызстанга Жапан өкмөтүнүн жардамы


БИШКЕК. 28-август. Бүгүн Кыргызстандагы Жапан элчиси Сюсюке Ватанабе Күнчыгыш өкмөтү тарабынан берилген грантка алынган 21 даана МТЗ-82 тракторун Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине тапшырды. Калган 100 трактор сентябрда Беларусиядан алынып келинет. Бул тууралуу бейшембиде айыл жана суу чарба министирлигинен маалымдашты. Жапан өкмөтү бөлгөн 300 миллион жапан йен гранттын 28% троллейбус алганга, калган 78% трактор жана айыл чарба шаймандарын сатып алууга жумшалат. Акыркы 7 жыл аралыгында Жапан өкмөтү Кыргызстандын агрардык реформасын колдоого 50 миллиард йен бөлгөн.

XS
SM
MD
LG