Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Ташкенге америкалык аскерий жетекчилер келди.


Ташкенге келген АКШ конгрессмени Курт Велдон кечээ күнү - америкалык аскерлер Өзбекстанда өзбектер аны канча кааласа, ошончо убакытка чейин калат деп билдирди. Аны менен кошо келген генерал Майкл Делонг Өзбекстандын тышкы иштер министри Садык Сафаев жана коргоо министри Кадыр Гулямов менен жолугуп, аскерий маселелерди талкуулады. Делонг - америкалык аскерий башкармалыктын төрагасынын орун басары. 2001-жылдан бери Өзбекстандын Ханабад базасында жүздөгөн америкалык аскер жайгашкан. Америкалык өкүлдөр бүгүн Бишкекке келди.

XS
SM
MD
LG