Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Ирандын тышкы иштер министри Харази Жапанияда сүйлөшүү жүргүзүүдө.


Кызмат сапары менен Жапанияда жүргөн Ирандын тышкы иштер министри Камал Харазинин айтымында, эки өлкө ортосунда - Ирандын "Азагедан" аттуу мунай корун иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Жапаниянын соода министри Такео Хиронуманын айтымында болсо, сүйлөшүүлөр чындап эле жүрүп жатат, бирок анын жыйынтыгы - Ирандын өзөктүк курал өндүрүү ниетине жараша болот. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин эксперттери Иранда жакында байытылган уран тапкан жана алардын айтымында, андай таза уран аскерий өндүрүштө гана колдонушу мүмкүн. Орусиянын айтымында, бул окуяга карабастан, Иран менен өзөктүк тармакта кызматташуусун Маскөө улантат.

XS
SM
MD
LG