Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Палестина төрагасы Яссир Арафат ок атышууну токтотууга чакырууда.


Палестина автономиясынын төрагасы Яссир Арафат бүгүн араб куралдуу топторуна кайрылып, аларды - ок атышууну токтотуу боюнча келишимди сактоого чакырды. Өткөн аптада Израил тарабынан "Хамас" уюмунун жетекчилеринин бири өлтүрүлгөндөн кийин, араб уюмдары келишимден чыкканын билдирген жана Израилде бир нече террордук аракет ишке ашырылды. Палестинанын маалымат министри Набил Амрдын айтымында, Арафаттын кайрылуусун премьер-министр Махмуд Аббас да колдоду: "Төрага Яссир Арафаттын бардык уюмдарга карата багытталган кайрылуусун өкмөт колдойт. Тынчтык үчүн, "Жол картасы" аттуу планды сактап калуу үчүн, Палестина жетекчилигинин максаттары боюнча ок атышуу токтоого тийиш". Бирок Израилдин айтымында, Арафаттын кайрылуусу жөн гана пропаганда.

XS
SM
MD
LG