Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр бүгүн соттук иликтөөдө күбө катары суралды. Британ өкмөтү - Иракка каршы согуш баштоо үчүн, андан чыккан коркунучту апыртып көрсөтүп, ал үчүн коопсуздук кызматтарынын маалыматтарына кошумча киргизген деп күнөөлөнүүдө. Би-би-си корпорациясы ал тууралуу атын атабаган экспертке шилтеме берип кабарлаган, бирок кийин ал эксперт Дэвид Келлинин ысмы аталып кеткенде, ал июл айында өзүн өзү өлтүрүүгө аргасыз болгон. Премьерге - коопсуздук кызматтарынын доклады өкмөттүн талабы менен өзгөртүлгөнбү деген суроо коюлууда. Блэрдин айтымында, Келлинин маселесине анын тийешеси жок, бирок анын жардамчылары чындап эле докладка апыртма кошкону аныкталса, ал кызматынан чегинүгө даяр.