Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Бээжин шаарында Түндүк Корея маселеси боюнча эл аралык сүйлөшүү уланууда.


Бүгүн Бээжин шаарында - Түндүк Корея маселеси боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү аяктады. Ага АКШ менен Түндүк Кореядан тышкары Жапания, Кытай, Орусия жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү катышууда. Бүгүнкү расмий жолугушуудан кийин өкүлдөр эки тараптуу бейформал сүйлөшүүлөрдү да өткөрдү. Кээ бир кабарлар боюнча, америкалык жана түндүк кореялык дипломаттар ортосунда расмий да жолугушуу өттү, бирок АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Филип Риикердин айтымында, андай болгон жок:

"Мамлекеттик катчынын орун басары Жеймс Келли кечээ күнкү жыйын аяктагандан кийин, ошол эле бөлмөдө Түндүк Кореянын өкүлдөрү менен бейформал түрдө жолуккан. Алар менен эч кандай эки тараптуу расмий сүйлөшүү болбойт".

Түндүк Корея өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин бузуп, өзөктүк программаларын иштете баштаган жана АКШ ал тууралуу алты тараптуу сүйлөшүү баштады. Пхеньян болсо мурда - АКШ менен эки тараптуу гана сүйлөшүү болуш керек деп келген.

XS
SM
MD
LG