Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:20

Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны өтөт

БИШКЕК. 29-август. 4-5-сентябрда Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Анда уюмдун келээрки жылга карата бюджетин даярдоо, уюмдун айрым нормативдик-укуктук документтерин иштеп чыгуу, ошондой эле уюмдун алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери талкууланат. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинен жума күнү маалымдашкандай, учурда Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктарды жүргүзүү боюнча программа иштелүүдө. Ташкент жыйынында эларалык, уюмдун тышкы саясатына байланыштуу маселелер да талкууланат.
XS
SM
MD
LG