Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

2004-жылы социалдык тармакка көбүрөөк акча бөлүнөт


БИШКЕК. 29-август. 2004-жылы Кыргызстанда социалдык маселелерди чечүүгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү өткөн жылга караганда жогору болот. 29-августта каржы министрлигинен маалымдашкандай, 2004-жылга карата кабыл алына турган бюджетте эң оболу саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарына каралган каражаттарды көбөйтүү болжолдонууда. Андан тышкары кийинки жылы маданий маселелерди чечүүгө, банкротко учураган банктардын калкка карыздарын төлөөгө, жетим балдар окуган окуу жайлары менен кары-картаңдардын үйлөрүнүн абалын жакшыртууга бөлүнө турган акча көбөйтүлөт.

XS
SM
MD
LG