Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

«Алатоо» аянтындагы жума намаз


БИШКЕК. 29-август. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына карата 29-августта Бишкектин борбордук «Алатоо» аянтында 10 миңге жакын мусулмандар жума намазын окушту. Аянтка келген мусулмандарды расмий бийлик атынан президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук маселелер боюнча бөлүм башчысы Болот Жанузаков, элчиликтердин атынанТүркиянын Кыргызстандагы элчиси Музаффер Эрөктем, Алматы калаасынын казысы Абдысатар ажы Дербишалы, Кыргызстан мусулмандар жамаатынын өкүлдөрү куттукташты.

XS
SM
MD
LG