Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Дүйнө кыргыздарынын 2-курултайы аяктады


БИШКЕК. 29-август. 29-августта Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев Чолпоната шаарында өтүп жаткан дүйнө кыргыздарынын 2-курултайына катышып сөз сүйлөдү. Президент кыргыз мамлекетинин басып өткөн тарыхына, эгемендүүлүк мезгилинде жетишкен ийгиликтерине токтолду. Кыргызстан адам укугун барктаган өлкөгө айланганын, демократия өнүккөнүн баса белгилеп, негизинен үч маселеге токтолду. Биринчиден, адамдын ички дүйнө ресурстарын өнүктүрүү. Экинчиден, жеке менчикти, жер реформасын ийгиликтүү ишке ашыруу. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын инфраструктурасын көтөрүү. Курултай соңунда демократиялык кодекс кабыл алынды. Чолпоната шаарында өткөн 2-курултай 29-августта өз ишин аяктады.

XS
SM
MD
LG