Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Түштүк Кореяда ишемби күнкү кыскартылган иш күнү жоюлду.


Түштүк Кореянын парламенти бүгүн өлкөдөгү алты күндүк иш жумасын беш күнгө түшүрүп, ишембини дем алыш күн деп эсептөө жөнүндөгү мыйзамды жактырды. Өлкө президенти Но Му Хен февралда шайланаар алдында элге берген убадасын аткарып, парламентке бир жума ичиндеги жумуштун узактыгын 44 сааттан 40 саатка түшүрүп, ишембидеги жарым күндүк иш убактысын жоюуну сунуш кылган. Кореялык кесиптик кошундар бул мыйзамга карата нааразылык билдирүүдө, алар иш убактысын кыскартуу аркылуу өкмөт эмгек маянасына кошулчу киреше булактарын азайтып, айрым коомдук майрамдарды чектейт деген пикирде.


Венера Сагындык кызы, Прага

XS
SM
MD
LG