Өлкөнүн ички иштер министрлиги полициячыны уурдоо жана бир нече өкмөттүк мекемеге бомба ыргытуу фактылары боюнча иликтөө башталганын билдирди. Шаршембиде полициячы менен анын жээнин кошо уурдап кетишкен белгисиз адамдар македониялык албандардын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келаткан Албан улуттук армиясынын согушкерлери болушу мүмкүн деген жоромол иликтенүүдө. Өткөн түнү Скопьеде үч өкмөттүк имаратка бомбалар ыргытылып, тилекке жараша алардан эч ким жабыр тарткан жок, деп маалымдады жергиликтүү полициянын өкүлү. Македониянын курорттук Охрид калаасында бүгүн Македония, Албания, Босния, Болгария, Хорватия, Мажарстан, Словения жана Словакиянын президенттери чогулуп, чөлкөмдөгү улуттар аралык мамилелерди жакшыртуунун жолдорун талкуулашты.