Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Пхеньян проблемасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады.


Пхеньян проблемасын Бээжинде чогулган Түндүк жана Түштүк Кореянын, Орусия, Жапония, Кытай, ошондой эле АКШнын расмий өкүлдөрү талкуулап, алдыдагы эки ай ичинде кайрадан кездешүүнү макулдашышты. Жолугушууга катышкан жапон делегациясынын жетекчиси Митойи Ябунака кризистен чыгыш үчүн дагы кошумча талкуу талап кылынаарына басым жасады.

- Алты тараптуу сүйлөшүү маалында Корей жарым аралын бейөзөктүк аймакка айландыруу, Түндүк Кореянын өз коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануусун караштырып жатабыз, биздин талкуу кырдаалды курчутуп жибербеши керек.

Вашингтон Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасын жоюп, опурталдуу куралы жок экенине ынандырышы керек деп эсептейт. Пхеньян АКШ адегенде Түндүк Кореяга кол салбоо жөнүндөгү пактка кол коюп, дипломатиялык мамилелерди орнотуп, өлкөнү энергия менен камсыздай турган реакторлорду куруп бүтүрсө гана өзөктүк куралдар программасын токтотууга макул экенин айтат.

XS
SM
MD
LG