Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Иракта коалициялык күчтөргө каршы жаңы кол салуулар болду.


Ирактагы коалициялык күчтөрдүн өкүлдөрү бүгүн Багдаддын түндүк тарабында капилет кол салуудан бир америкалык аскер курман болуп, төртөө жараат алганын билдиришти. Ошондой эле Кербала калаасында коопсуздукту күзөтүп жаткан болгар аскерлери да куралдуу чабуулга кабылган, азырынча андагы жоготуулар жөнүндө маалымат түшө элек. Ирактагы АКШнын жөө аскерлеринин командачысы, генерал Рикардо Санчез коалициялык күчтөрдү кеңейтүүнүн зарылдыгы жок, андан көрө алардын чалгындоо иштерин, ирактыктар менен кызматташуусун жакшыртуу, жергиликтүү коопсуздук органдарын түзүүнү ыкчамдатуу керек деп белгилейт.

XS
SM
MD
LG