НАРЫН. 30-август. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 12 жылдыгынын алдында «Бител» мобилдик телефон байланышынын алгачкы абоненти Нарын шаарында пайда болду. Бул тууралуу 30-августта «Бител» кампаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Салия Борбиева облустук мамлекеттик администрациясында өткөн маалымат жыйынында билдирди. 6 жылдан бери Кыргызстанда иштеп келген «Бителдин» байланыш кызматынан эми мындан ары тоолуу Нарын шаарынын тургундары дагы пайдалана алышат. «Бител» келечекте Нарын жергесинде 8 миңге чейин абонент тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар, - дейт Салия Борбиева.
Алатоо кабарларын Бишкектен Аманбек Жапаров менен Азиза Турдуева даярдашты.
Текстти Кубат Оторбаев редакциялады.
Алатоо кабарларын Бишкектен Аманбек Жапаров менен Азиза Турдуева даярдашты.
Текстти Кубат Оторбаев редакциялады.