Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш чаралар


БИШКЕК.30-август. 31-августта Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө арналган маданий массалык иш-чара Бишкектин борбордук Алатоо аянтында эртең менен саат 10до аскердик парад менен башталат. Кыргыз республикасынын куралдуу күчтөрүнүн, Ички иштер министрлигинин, Улуттук гвардиянын жоокерлеринин аскердик жүрүшүнөн кийин Бишкек шаарындагы 4 райондун ар биринен бир жарым миң адамдан турган өнөр-жай ишканаларынын , мамлекеттик мекемелердин кызматчылары шаардын жетишкендигин чагылдырган жүрүшкө чыгат. Кыргызстанда жасалган «Ак кептер» спорттук авиаучактары асманда ар түрдүү көнүгүүлөрдү көргөзөт. Шаардагы эс алуу парктарында маданий массалык оюн-зооктор, концерттик программалар тартууланат. Ал эми «Аккула» ат майданында президенттин кубогу үчүн «Көкбөрүнүн» жеңүүчүлөрү «Волга» автоунаасы менен сыйланат. Ушул эле күнү «Манас айылы» улуттук комплексинде Дүйнө кыргыздарынын 2- урултайына келген меймандарга сый-урмат көргөзүлөт. Кечкисин борбордук аянтта жаштар үчүн эстрада чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.

XS
SM
MD
LG