Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Ошто көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовду эскерүү өттү


ОШ. 30-август. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовду эскерүү иш-чарасы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана эгемендүүлүктүн 12 жылдык майрамдарынын алкагында уюштурулду. Султан Ибраимовдун туулган күнүнүн 76 жылдыгы минтип кош майрамга туш келгендигин жыйында сөз сүйлөгөндөр өзүнчө аян, символика катары белгилешти. «Султан Ибраимов -мыкты атуул, чоң инсан, элине ак эмгек кылган кыргыздын мыкты уулдарынын бири эле. Кыргыздар, айрыкча Ош облусунун тургундары Султан Ибраимовду эч качан унутпайт көрүнөт. Дайыма чогулуп, гүл коюп, таазим кылып турабыз» - деди өз сөзүндө карыя Мухтар Нургазиев.

XS
SM
MD
LG