БИШКЕК. 30-август. Бүгүн Мамлекеттик тарых музейинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана дүйнө кыргыздарынын 2-курултайынын урматына вице-премьер министр Курманбек Осмонов, Тышкы иштер министри Аскар Айтматов,Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча комиссаритынын Борбордук Азия, түштүк-чыгыш Азия, түндүк Африка, жакынкы Чыгыш башкармалыгынын жетекчиси Экбер Менеменжи уулунун катышуусунда Тажикистандан ооп келген 50 кыргызга, Кыргызстандын атуулдугун берип, паспорт тапшырышты. Бул иш-чара президент Аскар Акаевдин «Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү» тууралуу жарлыгына эки жыл толгондугуна жана Кыргыз мамлекеттүлүгүнө карата уюштурулду. Буга чейин 8000ден ашуун этникалык кыргыздар Кыргызстандын атуулдугун алышкан.