ЯНГУН. Мианманын өкмөт башчысы жаңы конституцияны иштеп чыгуу жараянын жандантмакчы. Негизги мыйзам аскердик хунта башкарып жаткан өлкөдө жалпы шайлоо өткөргөнгө жол ачат. Жаңыдан премъер-министр болуп дайындалган генерал Хин Ньюн бул жөнүндө өкмөттүн жана аскердик жетекчиликтин жабык жыйынында билдирди. Хин Ньюн жаңы Конституция качан кабыл алынаарын жана шайлоого "Демократия үчүн улуттук лига" деп аталган оппозициялык кыймыл катыштырылар-катыштырылбасын айткан жок. Кыймылдын лидери Аун Сан Су Чи азыр үй түрмөдө.