Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:57

Израилдик аскерлердин Газада өткөргөн аба рейддеринде "Хамастын" эки мүчөсү курман болду


ГАЗА. Израилдик аскерлердин Газада өткөргөн аба рейддеринде "Хамастын" эки мүчөсү курман болду. Палестин булактарынын маалымдашынча, израилдик тик учактар Нуссейрат менен Бурейжи деген жердин ортосундагы жолдо бараткан автомашинени аткылап, машинедеги "Хамастын" 2 согушкерин өлтүрүшкөн. Машинеде алардан башка канча адам болгондугу белгисиз. Палестинанын коопсуздук кызматы Батыш жээктеги Женинге израилдик бронетранспортерлор киргенде ок атышуу болгонун маалымдайт. Израилдик аскерлер палестин согушкерлерин кармап, камакка алуу үчүн киришкен.

XS
SM
MD
LG