Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:43

Ирактагы терактка байланыштуу 3 шектүү киши кармалды


БАГДАД. Ирактагы терактка байланыштуу 3 шектүү киши кармалды. Кечээ мусулмандардын ыйык шаары деп эсептелген Нажафта жардырылган бомбадан бери дегенде 80 киши набыт болуп, 140тай киши жараат алды. Алардын ичинде шиилердин диний лидери, Аятолла Мохаммад Бакир аль Хаким да бар эле. Аль Хаким өлкөнүн Башкаруу Кеңешинин курамына кирген "Ирактагы Ислам революциясынын кеңеши" деген уюмдун төрагасы болчу. 2000дей киши Багдадда жүрүшкө чыгып, антиамерикалык жана Саддам Хусейндин "Баас" партиясын жактаган ураандарды чакырып жатышты. Нажафтагы демонстрацияга 5000дей киши катышты.

XS
SM
MD
LG