Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Бишкекте көкбөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу үчүн эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды


БИШКЕК. Башкалаадагы «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу үчүн эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды. Президенттин кубогуна арналган быйылкы эл аралык турнирде 6 өлкөнүн курама командаларынын ортосунда 5 күн бою курч таймашуулар болду. Акырында президенттин кубогунун баш байгеси үчүн Казакстандын курама командасы менен Кыргызстандын «Батыш» командасынын ортосунда айыгышкан таймаш жүрдү. Эсепти кыргызстандык эң мыкты улакчы Мукамбет Койчукеев ачып, үч таймда тең кыргыз жигиттери үстөмдүк кылды. Натыйжада 10:1 эсебинде Кыргызстандын «Батыш» командасы баш байгеге коюлган «Жип» үлгүсүндөгү автомашинаны жана президенттин кубогун жеңип алды. Экинчи
орунду ээлеген Казакстандын жигиттери «Волга» үлгүсүндөгү автомашинаны айдап кетишти. Үчүнчү орун үчүн Тажикстандын командасына «Нива» автомашинасы берилди. «Мелдештин эң мыкты оюнчусу» деген сыйлык кыргызстандык Эмил Бокошевге ыйгарылды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG