Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Бүгүн - шахтерлордун кесиптик майрамы


БИШКЕК. 31-август - шахтерлордун кесиптик күнү. Союз учурунда Кыргызстанда 7 шахта, 5 разрезден турган 12 көмүр ишканасы жылына 4 млн. 500 миң тонна көмүр казып алуучу. СССРдин ыдырашы менен Кыргызстандагы бир катар көмүр ишканалары да базар экономикасынын шартында пайдасыз тармак катары кароосуз калып, өндүрүшүн токтотууга аргасыз болду. Көмүр өндүрүшүн жандандыруу максатында кыргыз өкмөтү 1998-жылы 13-августтагы № 544-токтомуна ылайык «Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин көмүр өнөр жайын өнүктүрүү программасын» кабыл алган. Ал программаны турмушка ашырыш үчүн 1999-жылы 13-февралда «Кыргызкөмүр» корпорациясы акционердик коом болуп түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG