Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Палестин тарап “жол картасы” планын турмушка ашырууга жардам сурады


Израилдин Ашкелон шаары согуш сызыгында жаткан шаар болуп калды, деп билдирди өлкөнүн премьер-министри Ариэл Шарон. Ал бул тууралуу жаңы окуу жылынын башталышы боюнча ушул шаардагы студенттер менен жолугушуусунда билдирген. Бирок Ариэл Шарон ракеталык чабуулду токтотуу үчүн кандай чара көрүлөрү тууралуу эч нерсе айткан эмес. Өткөн жумада Хамас Ашкелон шаарын «Кассам» аттуу ракета менен аткылаган эле. Израил тарап мектеп окуучуларын мүмкүн болуучу палестин согушкерлеринин чабуулунан коргоого 12 миң полиция жана 5 миңди чамалуу ыктыярдуулар тобун тартууда. Ал эми Палестинанын тышкы иштер министри Набил Шаат бүгүн эл аралык коомчулукка кайрылуу менен чыгып, анда «жол картасы» тынчтык планын аткарууга жардамдашууга чакырды. Палестин тарап ал планды колдоосун улантат, деп билдирген Шаат.

XS
SM
MD
LG