Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Иракта Аятолла Мухамад Бакр ал-Хакимдин тажиясы өтүүдө


Иракта бүгүн он миңдеген адамдар көчөгө чыгып, өлкөдөгү шииттердин диний лидерлеринин бири аятолла Мухамад Бакр ал-Хакимдин өлтүрүлүшүнө нааразылык билдиришти. Нэджев шаарындагы жума күнкү жардыруудан Аятолла баш болгон жүзгө чукул адам набыт болуп, 140 киши жаракат алган. Аятолланын тажиясына он миңдеген адамдар катышууда жана анын сөөгү шейшемби күнү жерге коюлмакчы. Ирактын жергиликтүү бийлиги жума күнкү жардырууга тиешеси бар деп шектеп, төрт адамды кармады жана аларды суракка алуу жүрүп жатат. Шииттердин өкүлү катары АКШ тарабынан түзүлгөн Ирактын өкмөттүк кеңешине мүчө болгон Мухамад Бакр- ал-Юлум коалициялык күчтөрдүн коопсуздукту камсыз кыла албагындыгына байланыштуу кеңештен чыккандыгын билдирди.
АКШ Ирактагы коопсуздукту камсыз кылууга Түркияны тартууга аракеттенүүдө. Түркиянын генералы Хилми Өзкоктун билдирүүсүнө караганда, 2-сентябрда АКШнын Европадагы аскерлеринин башчысы генерал Жеймс Жонс бул маселе боюнча сүйлөшүү максатында Анкарага келет. Ал эми америкалык аскерлери тик учмалардын колдоосу менен Мосул шаарында Саддам Хусейинде издешүүдө. Айрым маалыматтар боюнча, Саддам Мосул шаарында жашынып жүрөт.

XS
SM
MD
LG