НАРЫН. Бүгүн Нарынга Борбордук Азиядагы эл аралык «Агахан» университетинин жоон топ өкүлдөрүн баштап, эл аралык «Агахан» фондунун уюштуруучусу ханзаада Агахан өзү, Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов, кыргыз президентинин улуу кызы Бермет Акаева иш сапары менен келишти. Алар Тажикстан менен Казакстандан кийин Нарын жергесине курулуучу «Агахан» университетине бөлүнгөн жер бөлүктөрүн көрүшөт. Ошондой эле алар Нарында жыл башынан бери иштеп жаткан «Агахан» эл аралык университетинин иштери менен таанышып, университет үчүн бөлүнгөн жерлердин ылайыктуусун аныкташат.