Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:12

Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн эсеп палаталарынын төрагаларынын IV сессиясы өткөрүлөт


БИШКЕК. 3-5-сентябрда Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн эсеп палаталарынын төрагаларынын IV сессиясы өткөрүлөт. Жыйында мамлекеттик каражатка көзөмөл жүргүзүү багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралат. Кыргызстандын Эсеп палатасынын басма сөз катчысы Лейли Акилованын айтымында, жыйындын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн эсеп палаталарынын кеңешине төрагалык кылуу милдети Грузиянын Эсеп палатасынын төрагасы Улхан Молашвилиден Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Азамат Кангелдиевге өткөрүлүп берилет. Отурумдун соңунда анын катышуучулары келечекте өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана маалымат алмашуу тууралуу келишимге кол коюшат.

XS
SM
MD
LG