Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:03

Мамлекет башчысы мектеп окуучуларын, студенттерди жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады


БИШКЕК. 1-сентябрь - Билим күнүнө байланыштуу Кыргызстандын жер-жерлериндеги орто мектептерде алгачкы коңгуроо кагылып, салтанаттуу кечелер өткөрүлдү. Буга байланыштуу президент Аскар Акаев, өкмөт башчысы Николай Танаев Бишкектеги «Ак босого» айлына жаңыдан курулган 754 орундук орто мектептин ачылыш аземине катышышты. Мамлекет башчысы өлкөдөгү бардык мектеп окуучуларын, студенттерди жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, жаңыдан курулган мектепке бир нече компьютерди белекке берди. Ал эми ушул эле күнү Билим берүү жана маданият министрлиги жаңы окуу жылынын башталышына карата башкалаанын борбордук «Алатоо» аянтында мамлекеттик желекти көтөрүү салтанатын өткөрдү. Билим берүү жана маданият министрлигинин басма сөз кызматынын кабарына караганда, жаңы окуу жылына карата мындай салтанаттуу кечелер өлкөдөгү 2029 мектептин баарында өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG